Редакцияот 08.02.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 8-февралы № 148-IV

 «Банк салымдарын (депозиттерин) коргоо жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Президента тарабынан демилге көтөрүлгөн «Банк салымдарын (депозиттерин) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А. Мадумаров