Редакцияот 20.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 20-февралы № 3837-V

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин маалыматын угуп жана ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 377 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды толук көлөмдө жыйноону жакшыртууга жетишсин;

- кезектеги финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин иштеп чыгууда киреше жана чыгаша боюнча пландык көрсөткүчтөрү реалдуу көрсөтүлсүн.

  

 

 

Төрага

А. Жээнбеков