Редакцияот 19.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 19-июну № 514-IV

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"

("Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын

Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын

кабыл алуу тууралу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 2-майындагы № 206 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

 

А.Тагаев