Редакцияот 16.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 16-апрели № 3977-V

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан З.М.Асанкожоеваны өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Зина Мукаевна Асанкожоеванын арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-пунктуна ылайык Зина Мукаевна Асанкожоева өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

   

 

 

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров