Редакцияот 09.10.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 9-октябры № 669-IV

Ош областынын Алай районунда 2008-жылдын

5-октябрындагы жер титирөөнүн натыйжасында

жабыр тарткандарга материалдык жардам

көрсөтүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бир күндүк эмгек акысы Ош областынын Алай районунда 2008-жылдын 5-октябрындагы жер титирөөнүн натыйжасында жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн жиберилсин.

 

Төрага

А.Тагаев