Редакцияот 23.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 23-октябры № 4415-V

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 176-V токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген "Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө" Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 176-V токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айдаров Нургазы Абдраевич жана Исаева Динара Шертаевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.

 

 

 Төрага

А. Жээнбеков