Редакцияот 04.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 4-сентябры № 2008-III

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Садырбаевдин коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө

 

Өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Садырбаевдин билдирүүсүн эске алып, анын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Садырбаевдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Б.Б.Ногойбаевге жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы М.А.Суталиновго тапшырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (Р.Б.Тагаев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Султанов