Редакцияот 17.04.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 17-апрели № 1778-III

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасына тапшырма жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бир күндүк эмгек акысын Жалалабат областынын Аксы районунун сел каптоодон жабыр тарткан тургундарына жардам көрсөтүү үчүн которуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Султанов