Редакцияот 19.04.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 19-апрели № 1780-III

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине төмөнкү маселелер кошумча киргизилсин:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Н.А.Азимжановду кызматынан бошотуу жөнүндө";

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Самаковдун саясий ачкачылыктын катышуучусу Б.Акуновдун өлүмүнүн фактысы жөнүндө маалыматы тууралу".

 

Төрага

М. Султанов