Редакцияот 04.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 4-декабры № 4542-V

"2014-жылдын 25-июнунда Сауд Арабиясы Королдугунун Жидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош - Баткен - Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№ КҮR-0048 долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 15-ноябрындагы № 600 токтому) "2014-жылдын 25-июнунда Сауд Арабиясы Королдугунун Жидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош - Баткен - Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№ КҮR-0048 долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков