Редакцияот 10.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-декабры № 4562-V

"2013-жылдын 24-октябрында Минск шаарында кол коюлган Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 9-октябрындагы № 592 токтому) "2013-жылдын 24-октябрында Минск шаарында кол коюлган Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков