Редакцияот 11.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 11-декабры № 4580-V

"2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 13-майындагы № 258 токтому) "2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

республикалык бюджетке кирешелердин толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын; төмөндөгү чараларды кабыл алсын:

- бюджеттик каражаттарды максатсыз, натыйжасыз жана негизсиз пайдалануунун алдын алуу боюнча;

- 2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинде белгиленген, финансылык бузууларга жол берген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине карата;

- акциялардын мамлекеттик пакетине түшкөн дивиденддердин республикалык бюджетке толук түшүүсүн камсыз кылуунун механизмин иштеп чыгуу, алардын толук жана өз убагында төлөнүшү үчүн мониторинг жүргүзүү боюнча;

- мамлекеттик баалуу кагаздарды пайдалануунун максатка ылайыктуулугун жана натыйжалуулугун эске алуу менен аларды чыгарууну чектөө боюнча;

- бюджеттик маселелерди жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды бекем сактоо боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинде аныкталган бюджеттик каражаттарды толук калыбына келтирүү боюнча;

- салыктык карыздарды кыскартуу боюнча;

- финансылык жөнгө салууга тийиштүү белгиленген нормативдерди тескөөнү күчөтүү боюнча.

3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы төмөндөгүлөр боюнча аудит жүргүзсүн:

- 2013-2014 жылдар үчүн Токтогул ГЭС каскадынан иштелип чыккан электроэнергиясынын каскаддан чыккан суу ресурстарынын көлөмүнө дал келүүсүн;

- ташылып чыккан алтын кен концентраттарынын республикалык бюджеттин кирешесине түшүүсүнүн 2013-2014-жылдар үчүн аны импорттоонун көлөмүнө ылайык келүүсүн.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет^кзда финансы боюнча комитетке жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Жээнбеков