Редакцияот 20.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-майы № 5116-V

"1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акциз салыгын алуу принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 16-апрелиндеги № 217 токтому) "1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акциз салыгын алуу принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков