Редакцияот 29.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 29-июну № 5409-V

4-июнду Парламентаризм күнү деп белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасында парламентаризмди чыңдоо жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 4-июнь жыл сайын белгиленүүчү Парламентаризм күнү деп белгиленсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга жатат.

 

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров