Редакцияот 26.06.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 26-июну № 1962-III

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына, референттерине, ошондой эле Аппаратынын, Иш башкармасынын жана Гаражынын кызматкерлерине сыйакы берүү жөнүндө

 

Республикада жүргүзүлүп жаткан конституциялык жана социалдык-экономикалык реформаларды андан ары тереңдетүүгө багытталган мыйзам чыгаруу ишин байкаларлык жакшыртуудан көрүнгөн парламенттик жылдын (2006-жылдын сентябры - 2007-жылдын июну) үзүрлүү аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына, референттерине, ошондой эле Аппаратынын, Иш башкармасынын жана Гаражынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин каражаттарынын эсебинен бир айлык эмгек акы өлчөмүндө (маяна, үстөктөр жана сыйакылар) сыйакы берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы (А.Абдимомунов) акчалай сыйлыкты эсептөөнү, чегерүүнү жана төлөп берүүнү жүргүзөт.

 

Төрага

М. Султанов