Редакцияот 05.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 5-марты № 989-IV

2009-жылдын 5-мартына Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин

бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2009-жылдын 5-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:

2009-жылдын мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө;

"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине түзөтүүнү (10/СМР.2 чечими) ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Дүйшөмбү шаарында 2008-жылдын 28-августунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биргелешкен террорго каршы окууларын уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Дүйшөмбү шаарында 2008-жылдын 28-августунда кол коюлган Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан долбоору тууралу;

Кыргыз Республикасынын Президентинин А.Т.Керимкуловду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директорунун кызматына дайындоого макулдук алуу үчүн сунушу жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Д.Э.Арстанбаеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө сунушу тууралу.

 

Төрага

А.Тагаев