Редакцияот 18.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 18-майы № 539-VI

"Баткен" эркин экономикалык зонасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу

"Баткен" эркин экономикалык зонасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы 254-V токтому менен кабыл алынган "Баткен" эркин экономикалык зонасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.

 

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков