Редакцияот 19.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 19-майы № 552-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).

 

Төраганын орун басары

А. Омурбекова