Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-сентябры № 891-VI

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн өзгөртүүгө жана комитеттеринин санын кыскартууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-главанын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:

"- мунай газ;

- көмүр;";

2) 6-главанын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"маалыматтык технологиялар";

3) 9-главада:

главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет";

төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Мыйзамдар:

Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо, фискалдык жана башка борбордук органдардын иши жөнүндө:

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызмат;

- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- прокуратура (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- бажы кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- салык кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- финансылык чалгындоо кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);

- аудитордук иш (коррупция менен күрөшүү жаатында).

2. Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө:

- коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин укуктук регламенттөөнү камсыздоо;

- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалар;

- коррупцияны болтурбоо жаатында мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо;

- мамлекеттик, укук коргоо, фискалдык жана финансы-кредиттик түзүмдөрдө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу;

- коррупциялык механизмдердин болуу предметтерине карата мыйзам долбоорлорунун экспертизасы;

- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков