Редакцияот 01.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-декабры № 1141-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" № 17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү депутаттары киргизилсин:

Сарсейитов Исланбек Зайырбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин курамына;

Эргешов Алмазбек Манасбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков