Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2378-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 25-августу № 1837-VI

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.

2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринен;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен - министринен;

Кыргыз Республикасынын министрлеринен;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Ч.Турсунбеков