Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2006-жылдын 23-мартындагы N 7/6, 2006-жылдын 28-июнундагы N 19/4, 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2009-жылдын 11-февралындагы N 7/3, 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13, 2013-жылдын 27-февралындагы N 6/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/4, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/3, 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1, 2016-жылдын 29-июнундагы № 27/3, 2017-жылдын 6-июлундагы № 2017-П-12/30-3-(НПА), 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1., 2.1-1 жана 2.2-пункттарына ылайык коммерциялык банктардын, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары - банктар), банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - БФКУ) жана кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу жагында компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укук берилген.
Төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарга жана алмашуу бюролорунун ишине тийешелүү маселелерди кароого алып алар боюнча чечим кабыл алуу Комитеттин компетенциясына кирбейт.
Жободо төмөнкүдөй кыскартылган сөздөр колдонулган:
МФК - микрофинансылык компания;
МКК - микрокредиттик компания;
МКА - микрокредиттик агенттиги;
КСФК - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы.
(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Өз ишинде Комитет Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ушул Жобону жана Комитеттин Регламентин жетекчиликке алат.
1.3. Көзөмөл боюнча комитеттин курамына көзөмөл блогунун куратору Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (Комитеттин Төрагасы), Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет.
Көзөмөл боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет.
Көзөмөл боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын буйругуна ылайык кеңеш берүүчү укугунда башка кызматкерлер да кириши мүмкүн.