Редакцияот 20.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 20-марты №188

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 25-августундагы №469 « Кыргыз Республикасынын ѳнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомун түзүү жѳнүндѳ» токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз еспубликасынын Ѳкмѳтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 25-августундагы №469 «Кыргыз Республикасынын ѳнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомун түзүү жѳнүндѳ» токтомуна тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүллѳр киргизилсин:

- 3-пунктагы «Эркиндик проспекти, 58 а» деген сѳздѳр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 5-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:

«5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Президенитинин Иш башкармалыгы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ѳнүктүрүү фондунун пайдалануусуна Бишкек шаары, Чуй праспекти,122 дареги боюнча жайгашкан имараттын тѳртүнчү кабатынан аянты 335,4 кв.м. болгон 15 кабинетти берсин.»;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ѳнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун уставында:

2-пунктун 2.4-пункчасында «Эркиндик проспекти, 58 а» деген сѳздѳр жана цифралар « Чуй проспекти,122» деген сѳздѳр жана цифралар менен алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кырыгз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы менен бирдикте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды кѳрсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов