Редакцияот 25.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 25-марты №191

Мамлекеттик статистика органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясына ылайык, статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча иштерди оптималдаштыруу жана тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Мамлекеттик статистика органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракети жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов