Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2009-жылдын 15-апрели № 233

"Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 508 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 508 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 508 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун төртүнчү абзацында:

"2008-жылдын 31-декабрына" деген сандар жана сөздөр "2009-жылдын 1-мартына" деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын;

"120" деген сандар "111" деген сандарга алмаштырылсын;

- 2-пунктта:

экинчи абзацта "120 бирдикте" деген сандар жана сөз "111 бирдикте" деген сандарга жана сөзгө алмаштырылсын;

бешинчи абзацта:

"120 бирдик" жана "2008-жылдын 31-декабрына" деген сандар жана сөздөр тиешелүү түрдө "111 бирдик" жана "2009-жылдын 1-мартына" деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын;

6-пункттун биринчи абзацындагы "2009-жылдын 1-январына" деген сандар жана сөздөр "2009-жылдын 1-мартына" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын.