Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы № 98 Жарлыгы менен бекитилген |
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү концепциясы
Ысык-Көл облусу ландшафттары өтө ар түрдүү болгон, деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан жана бардык тарабынан бийик тоо кыркалары менен курчалган, тоңбой турган көлдү курчаган кайталангыс жаратылыш түзүлүшү болуп саналат. Мындай абал көлдүн бассейнин катуу шамалдан коргойт, ал эми көп сандаган термалдык булактардын болушу өтө спецификалык климаттык системаны калыптандырат. Атап айтканда, Ысык-Көл бассейнинин экосистемасы Жердин глобалдык биосферасынын модели боло алат.
Дүйнөлүк тарыхый жана маданий мурастын объекти катары Ысык-Көлдүн экосистемаларынын кайталангыстыгы 1998-жылдын 25-сентябрында «Ысык-Көл» Биосфералык аймагын түзүүгө мүмкүндүк берди (»Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 623 токтому менен түзүлгөн).
2001-жылдан тартып «Ысык-Көл» Биосфералык аймагы Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча бириккен улуттар уюмунун (ЮНЕСКО) Программасы тарабынан биосфералык резерваттардын Планетардык тармагына киргизилген, алар дүйнөлүк тарыхый жана маданий мурас объекттерин жана кайталангыс экосистемаларды сактоо боюнча аймак катары түзүлөт. ЮНЕСКОнун патронаждыгы менен дүйнөнүн ири биорезерваттарынын бири болуп саналуу менен «Ысык-Көл» Биосфералык аймагы улуттук маанидеги өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймагынын статусуна ээ.
Кыргыз Республикасынын Президенти 2007-жылдын 19-сентябрында Кыргызстан калкына өзүнүн Кайрылуусунда Ысык-Көлдүн кайталангыс экологиясын сактоо чараларын иштеп чыгуу жөнүндө депутаттардын тобунун жана министрликтердин жетекчилеринин кайрылуусун колдогон, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Ысык-Көл облмамадминистрациясы демилге кылган. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралындагы № 74 буйругу менен «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссия түзүлгөн.
Ысык-Көл экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясы бүтүндөй алганда экосистема катары Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнү карайт, анда курчап турган чөйрөнүн жогорку сапаты, экономикалык өсүш жана калктын бакубаттуулугунун өсүшү камсыз кылынат.
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуунун актуалдуулугу Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүү жана экосистемалык ыкманы иштеп чыгуу принциптерине ылайык келтирүү зарылчылыгынан келип чыккан.
Өз кезегинде бул тышкы жана ички коркунучтардын болушу менен шартталган.
Тышкы коркунучтар:
- Ысык-Көл облусунун энергия булактарынын импортуна жогорку даражадагы көз карандылыгы;
- Ысык-Көл облусунун эл аралык транспорттук коммуникацияларга кеңири чыга албагандыгы;
- глобалдык экономиканын өсүш темптеринин төмөндөшү, дүйнөнүн ири экономикаларындагы проблемалар;
- азык-түлүккө дүйнөлүк тартыштыктын өсүшү;
- климаттын глобалдык жана региондук өзгөрүшү.
Ички коркунучтар:
- «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын өзгөчө укуктук режиминин талаптарын этибарга албагандык, ал эми көп учурда билбегендик;
- регион өзүнүн азык-түлүгүнүн айрым түрлөрү менен камсыз болбогондугу;
- импорттун өсүшү экспорттун өсүшүнөн ашып кетиши;
- жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушу экономикалык жигердүүлүктүн сезондук мүнөзүнө көз карандылыгы;
- ички жана тышкы миграция.
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясынын максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- облустун социалдык өнүгүшүнүн жогорку деңгээлине жана Ысык-Көл облусунун ар бир тургунунун мыкты курчап турган чөйрөдөгү жашоо сапатына жетишүү;
- атаандаштыкка кудуреттүү, ресурстарды үнөмдөгөн жана көп профилдүү инновациялык мүнөздөгү, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө натыйжалуу кошулган экономикалык системаны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн өнүгүшүнүн туруктуулугун сактоо жана колдоо.
Ысык-Көл облусу батышта Чүй облусу, түштүктө Нарын облусу, түндүктө Казакстан жана чыгыш менен түштүктө Кытай менен чектешет. Облустун аймагында дүйнөнүн эң бийик чокуларынын бири - Жеңиш (7439 м) жана Хан-Теңири (6995 м) чокулары жайгашкан. Жаан-чачындын деңгээли Балыкчы шаарынын аймагындагы 130 миллиметрден Казакстан менен чыгыш чек арадагы 1000 миллиметрге чейин өзгөрүп турат.
Облус чөлдөр менен жамаатташ мээлүүн кеңдиктердин тилкесинде жайгашкан. Тоолуу рельеф жана Ысык-Көл климатка олуттуу таасир этет. Көлдүн бассейнинин аянты 22080 миң чарчы метрди, узундугу - 178 километрди, туурасы - 60 километрди, тереңдиги668 метрди, суунун көлөмү - 1738 куб. километрди түзөт. Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан, Тянь-Шань тоолорундагы ири көл жана дүйнөдөгү эң терең көлдөрдүн бири болуп саналат.
Облустун аймагы 5 администрациялык-аймактык: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң, Түп райондоруна бөлүнөт. Облуста 3: Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарлары, шаардык типтеги 5 поселка, 64 айыл өкмөтү жана 181 айылдык калктуу конуш бар. Администрациялык борбору болуп Каракол шаары саналат.
Ысык-Көл облусу боюнча калктын саны 2005-жылы 430,8 миң адамды, 2006-жылы - 433,2 миң адамды, 2007-жылы - 434,9 миң адамды түзгөн. Калктын өсүшү 2005-жылга карата 1%га жакынды түзөт. Облустун калкынын 2/3 бөлүгү айыл жеринде жашайт.
2005-2007-жылдары региондук дүң продукт 2005-жылдагы 13096,7 млн. сомдон 2007-жылдагы 19709,6 млн. сомго чейин көбөйдү, 2005-2007-жылдары орточо көрсөткүч 16285,4 млн. сомду түздү.
Ички региондук продуктунун (ИРП) өсүшү 2005-жылы өнөр жай тарабынан 10198,2 млн. сом, 2006 жана 2007-жылдары тиешелүү түрдө айыл чарбасы тарабынан - 10573,9 млн. сом жана 13007,8 млн. сом көлөмүндө камсыз кылынды.
2005-жылдан тартып 2007-жылга чейин киши башына ИРПнын номиналдык өсүшү 49,3%ды түздү.
2005-2007-жылдардын ичинде чекене товар жүгүртүүнүн жана акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн көлөмү өсүш тенденциясына ээ болду: чекене товар жүгүртүүдө өсүштүн орточо темпи - 113,1%ды, акы төлөтүп кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 115,4%ды түздү. Капиталдык салымдар иш жүзүндө 3,9 эсе, 1,4 млрд. сомдон 5,3 млрд. сомго чейин көбөйдү.
Тышкы соода жүгүртүү өстү. 2005-жылы экспорт 7,2 млн. АКШ долларын, ал эми импорт 108,5 млн. АКШ долларын түзгөн болсо, 2007-жылы экспорт 14,2 млн. АКШ долларын жана импорт 184,2 млн. АКШ долларын түздү.
Импорт экспорттон он эседен ашык ашкан учурда өнөр жай продукциясынын өндүрүшү 2005-жылдагы 10,2 млрд. сомдон 2007-жылдагы 9,3 млрд. сомго чейин төмөндөшү (Кумтөр алтын кенинин өндүрүшүнүн көлөмү азайышы менен байланышкан) жана минималдуу керектөө бюджетинин 1658,1 сомдон 2598,3 сомго чейин көбөйүшү болуп өттү.
Көрсөткүч | 2005-ж. Иш жүзүндө | 2006-ж. Иш жүзүндө | 2007-ж. болжолдуу, иш жүз. | Орточо көрсөткүч 2005-2007-жж. |
ИРП, млн. сом | 13096,7 | 16049,8 | 19709,6 | 16285,4 |
Реалдуу өсүш, % | 85,6 | 112,2 | 108,2 | 103,5 |
дефлятор, % | 106,8 | 109,2 | 113,5 | 110,3 |
ИРП (млн. АКШ доллары) | 358,8 | 439,7 | 540,0 | 446,2 |
Киши башына ИРП (миң сом) | 30,4 | 37,0 | 45,3 | 37,6 |
Номиналдык өсүш, % | 90,9 | 121,9 | 122,3 | 113,7 |
Өнөр жай (млн. сом) | 10198,2 | 8529,1 | 9330,6 | 9352,6 |
Иш жүзүндөгү көлөмдүн индекси, % | 78,9 | 62,9 | 99,7 | 81,0 |
КБИ (керектөө бааларынын индекси), % | 104,4 | 107,0 | 109,1 | 107,2 |
Чекене товар жүгүртүү (млн. сом) | 2778,6 | 3645,3 | 4414,5 | 3612,8 |
реалдуу өсүш, % | 105,4 | 123,6 | 109,2 | 113,1 |
баалардын индекси, % | 104,9 | 106,1 | 110,9 | 107,8 |
Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү (млн. сом) | 1003,2 | 1467,8 | 1657,8 | 1376,3 |
реалдуу өсүш, % | 100,4 | 134,0 | 108,1 | 115,4 |
баалардын индекси, % | 102,9 | 109,2 | 104,5 | 105,8 |
Айыл чарбасынын дүң продукциясы, (млн. сом) | 8147,6 | 10573,9 | 13007,8 | 10576,4 |
реалдуу өсүш, % | 92,7 | 102,3 | 105,0 | 100,9 |
баалардын индекси, % | 120,4 | 126,9 | 117,2 | 121,2 |
Капиталдык салымдар (млн. сом) | 1352,6 | 4283,5 | 5279,4 | 3638,5 |
Номиналдык өсүш, % | 170,9 | 316,7 | 123,2 | 205,1 |
Экспорт (миң АКШ доллары) | 7207,9 | 8820,1 | 14212,6 | 10080,2 |
Номиналдык өсүш, % | 92,1 | 122,4 | 161,1 | 133,4 |
Импорт (миң АКШ доллары) | 108487,7 | 185468,3 | 184208,8 | 159388,3 |
Номиналдык өсүш, % | 147,9 | 171,0 | 99,3 | 138,1 |
Социалдык көрсөткүчтөр |
|
|
|
|
Калктын саны (миң адам) | 430,8 | 433,2 | 434,9 | 433,0 |
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли, % | 8,4 | 8,1 | 8,0 | 8,1 |
Орточо айлык эмгек акы (сом) | 3296,2 | 4383,3 | 5000,0 | 4226,5 |
реалдуу өсүш, % | 144,2 | 124,3 | 104,5 | 121,7 |
Минималдуу керектөө бюджети | 1658,1 | 2419,6 | 2598,3 | 2225,3 |