Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-ноябры №2021-П-14/64-6-(ПС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/8 «Кыргыз Республикасында аз өлчөмдөгү чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринги системасы жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2007-жылдын 22-августундагы № 38/11 «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү» нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2008-жылдын 30-июлундагы № 30/6 «Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу»;
- 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/6 «Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу».
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет- сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күндөн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун, Кыргыз Республикасынын социалдык фондун тааныштырсын.
Төрага: | К. Боконтаев |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын
«24»ноябрындагы №2021-П-14/64-6-(ПС). токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/8 «Кыргыз Республикасында аз өлчөмдөгү чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринги системасы жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө» жобонун:
2-главасындагы:
экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Жөнөтүүчү - жөнөтүүчү банк, ошондой эле системанын системага төлөм документин же билдирүүнү демилгелөөчү катышуучусу.»;
үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Алуучу - алуучу банк, ошондой эле системанын системадан төлөм документин же билдирүүнү алуучу катышуучусу.»;
сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Төлөөчү кардар - жөнөтүүчүнүн кардары, мында анын акча каражаттарынын эсебинен эсептешүүлөр жүзөгө ашырылат.»;
тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Алуучу кардар - алуучунун кардары, мында эсептешүүлөрдүн натыйжасында акча каражаттары аньш пайдасьша келип түшөт.»;
отузунчу абзац күчүн жоготкон катары таанылсын;