Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-майы № 312
Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине Кайрылуусунда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын мониторингдөө жана контролдоо маселелери боюнча койгон милдеттерди аткаруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын иштеринин натыйжалуулугуна системалык баалоо жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын иштеринин натыйжалуулугун баалоонун методикасы (мындан ары - Методика);
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын (мындан ары - аткаруу бийлиги органдары) иштерин баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо;
- Методиканы киргизүү боюнча иш-чаралардын планы;
- иштерине баалоо жүргүзүлчү аткаруу бийлигинин органдарынын тизмеси.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:
- бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде бекитилген Методикага ылайык, аткаруу бийлиги органдары түзүшкөн аткаруу бийлиги органынын иштеринин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү жана баалоо боюнча жумушчу топтор үчүн окутуучу семинарларды өткөрсүн;
- аткаруу бийлиги органдары жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгы жөнүндө тийиштүү отчетторду беришкенден кийин эки айлык мөөнөттүн ичинде аткаруу бийлиги органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин иштеринин натыйжалуулугун баалоо боюнча жалпыланган материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- окутуу жүргүзүлгөн күндөн баштап бир айлык мөөнөттүн ичинде жана андан кийин жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-апрелине чейин бекитилген Методикага ылайык, статистика органдарынын жардамы менен Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине өздөрүнүн отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктарын эксперттик баалоо үчүн көрсөткүчтөрдүн жетишилген чоңдуктары жөнүндө отчет тапшырышсын.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын иштери бекитилген Методикага ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жагында бааланууга тийиш экендиги;
- аткаруу бийлигинин көрсөтүлгөн органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилери отчеттордун тууралыгы, өз убагында берилиши жана сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартышаары.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын иштеринин натыйжалуулугун баалоо боюнча сынамык долбоор өткөрүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-апрелиндеги № 147-б Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын иш-аракеттеринин критерийлерин жана анын натыйжалуулугуна баа берүү механизмин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө буйругу.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын
аткаруу бийлигинин органдарынын
иштеринин натыйжалуулугун
баалоонун методикасына
№ 1 тиркеме
1. Аткаруу бийлигинин органдарынын иштеринин натыйжалуулугун баалоонун максаты,
милдеттери жана көрсөткүчтөрү
Иштин натыйжалуулугун баалоонун стратегиялык максаты, тактикалык милдеттери жана өлчөө бирдиктериндеги көрсөткүчтөрү | Көрсөткүч- төрдүн иш жүзүндөгү чоңдугу | Өсүш темпи, % менен гр.4 / гр.3 * 100 | Көрсөткүч- төрдүн пландык чоңдугу | Пландын аткарылышы, % менен гр.4 / гр.6 * 100 | Көрсөткүчтөрдүн максаттык чоңдуктары | ||||
t-2 | t-1 | t(*) | t | t┼1 | t┼2 | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Башкы максат | |||||||||
1-максат | |||||||||
1.1-милдет | |||||||||
1-көрсөткүч |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2-көрсөткүч |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2-милдет | |||||||||
1-көрсөткүч |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2-көрсөткүч |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2-милдет | |||||||||
2.1-милдет | |||||||||
1-көрсөткүч |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2-көрсөткүч |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2-милдет ж.б. | |||||||||
(*) t - отчеттук жыл.
2. Аткаруу бийлигинин органынын стратегиялык максаттарынын Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жана аткаруу бийлигинин
органынын компетенциясынын чөйрөсүндөгү мамлекеттик артыкчылыктар айтылган башка расмий документтер менен
өз ара байланышы