Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 12-октябры № 349

Билим беруу жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

Мугалимдерди жана врачтарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу жана алардын кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

 1.Эмгек акылары Бирдиктуу тариф сеткасы боюнча аныкталган билим беруу (буга жогорку окуу жайларынын кызматкерлери кирбейт) жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 2004-жылдын 1- октябрынан тартып жогорулатылып, алардын баштапкы (нолдук) разряды айына 208 сом ден белгиленсин.

 2. Кыргыз Республикасынын Окмоту өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жуктолсун.

 4. Бул Жарлык кол коюлган кундон тартуп күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А. Акаев