Редакцияот 17.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 17-октябры № 2634-VI

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктун жана 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктун он үчүнчү абзацындагы "Абдылдаев Эрлан Бекешович" деген сөздөр "Айдарбеков Чингиз Азаматович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков