Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры № 2730-VI
"Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 28-сентябрындагы № 450 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата 25,0 пайыз салыштырма салмагы менен 151762419,1 миң сом жалпы суммасында, 2020-жылга болжол - 157043345,6 миң сом суммасында, 2021-жылга - 161890268,1 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин чыгашалары ИДПга карата 26,7 пайыз салыштырма салмагы менен 161913144,8 миң сом жалпы суммасында, 2020-жылга болжол - 165199792,8 миң сом суммасында, 2021-жылга - 164535140,8 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин таңсыктыгынын чектик өлчөмү ИДПга карата 1,7 пайыз салыштырма салмагы менен 10150725,7 миң сом суммасында, 2020-жылга таңсыктык болжолу - 8156447,2 миң сом суммасында, 2021-жылга - 2644872,7 миң сом суммасында;
- таңсыктыктын ички булактарын жабуу боюнча терс сальдо 2303,5 млн. сом суммасында, тышкы булактар боюнча оң сальдо 12454,2 млн. сом суммасында;
- шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн 2019-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 10-беренесине ылайык белгиленген;
- 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун чоңдугу республикалык бюджеттин бекитилген чыгашаларынан 0,02 пайыздан ашык эмес, же 30,0 млн. сом, 2020-жылга - 32,5 млн. сом суммасында, 2021-жылга - 32,8 млн. сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү стратегиясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн беш жылдык мезгилге карата программасын берүүнү тездетсин;
- өнүктүрүү программаларынын салыштырма бөлүгүн көбүрөөк бөлүү жана милдеттүү финансылык эмес көрсөткүчтөрдү жана максаттарга жетүүнүн индикаторлорун киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин программалык бюджеттөөгө көңүл бурсун;
- импорт алмаштыруу жана ички өндүрүштү колдоо боюнча программаны иштеп чыксын жана киргизсин;
- ички рынокто товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда мамлекеттик сатып алуулардын артыкчылыгын белгилесин;
- Кыргызстандын чет өлкөлөрдө иштеген иммигранттарынын жана жарандарынын акча которуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын болжолунун көрсөткүчтөрүн бюджеттин кирешелери менен байланыштырсын;
- фискалдык саясаттын негизги багыттарынын көрсөткүчтөрүнө ылайык бюджеттик кредиттерди, насыяларды жана зайымдарды кайтарып берүүдөн түшкөн кирешелерди 1,7 эсеге же 2386,3 млн. сомго көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
- социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун алкагында 2019-жылга алтын өндүрүүнүн болжолдуу көлөмүнө ылайык Кумтөр алтын кени боюнча дүң кирешеге салыктык эсептик суммасын 136,1 млн. сомго көбөйтсүн;
- чет өлкөлүк жумушчу күчтөрдүн эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат берүүчү документтерди алууга мамлекеттик алымдын өлчөмүн жогорулатсын;
- негизги сумманын 50 пайызына акы төлөөнүн ордуна Өкмөттүн кепилдиги алдында кредиттик каражаттарды 2000-жылдын 1-январына чейин алган ишканалардан айып пул, туумдарды, пайыздарды жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун киргизсин;
- ишмердүүлүк чөйрөсүн (интернет аркылуу үзгүлтүксүз соода-сатык жүргүзүү, интернет аркылуу брондоо кызмат көрсөтүүлөрү) талдоого алсын жана салык салуудан качкан адамдарды тапсын;
- криптовалюталардын бөлүштүрүлгөн реестрлеринин ("майнинг") чөйрөсүндөгү криптография принциптерине негизделген өндүрүштү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча иштерге салык салуунун мүмкүн болуучу механизмдерин карасын;
- пломбалоонун ордуна заманбап технологиялардын жардамы менен КММнын жүгүртүлүшүнө жана ташылышына контролдоо механизмдерин демилгелесин;
- алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүн контролдоонун альтернативдүү ыкмаларын иликтесин;
- областтык телерадио компанияларды, Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигин өзүн-өзү каржылоого которуу жөнүндө маселени карасын;
- мамлекеттик банктар менен биргеликте айыл чарба кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды субсидиялоого, эмгек акыларды, социалдык жөлөкпулдарды төлөө эсептерин тейлөөгө, ипотеканы жана башкаларды каржылоого мамлекеттик бюджеттен коммерциялык банктарга бөлүнүүчү каражаттарды кыскартуу механизмдерин карасын;
- БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыксын жана "2020-жылга республикалык бюджет жана 2021-2022-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында 500 млн. сом бөлүү менен "Майыптыгы бар адамдардын инфратүзүмгө жеткиликтүүлүгү" деген өзүнчө сапты карасын;
- "Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн кыргыз коому" жана "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктун эмгекчилеринин республикалык кеңеши" коомдук бирикмелерин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу жалпы негиздерде каржылоо маселесин чечсин;
төмөнкүлөргө каражат бөлсүн:
- Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке "Көк-бөрү" улуттук оюнун туруктуу өнүктүрүү үчүн 20,0 млн. сом;
- "Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн кыргыз коому" коомдук бирикмесине майыптуулугу бар адамдарды ишке жайгаштыруу максатында жаңы имарат куруу үчүн 60 млн. сом өлчөмүндө пайызы жок насыя;
- Бишкек шаарында абанын булгануу деңгээлин өлчөгөн жабдууларды сатып алууга;
- укук коргоо органдарынын жана коргоо органдарынын чыгашаларынын жашыруундуулук грифин алып салсын же андай грифти киргизүүнүн зарылдыгын негиздесин;
- жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу билим берүү уюмдарын республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө маселени карасын;
ченемдик принцип боюнча каржылануучу жалпы билим берүүчү мектептердин чыгашаларын жабууга республикалык бюджеттен Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине 1,9 млрд. сом суммасында максаттуу трансферттерди бөлүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын аныктоонун жана жогорулатуунун бирдиктүү концепциясы жаатында мыйзам долбоорун иштеп чыксын;
төмөндөгүлөрдүн эмгек акыларын көбөйтүүгө каражаттарды карасын.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана республиканын агрардык илимий-изилдөө институттарынын (мал чарба жана жайыт, ирригация, жерди иштетүү, ветеринария ИИИ) кызматкерлерине;
- республиканын орто мектептеринин мугалимдерине;
- 2019-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларына;
төмөнкүдөй каражаттарды карасын:
- 1-топтун майыптарынын ата-энелерине жана камкорчуларына эмгек акы төлөөгө;
- Акыйкатчы (Омбудсменди) 38,7 млн. сом өлчөмүндө кошумча каржылоого, алардын ичинен 21,1 млн. сом аппараттын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясынын контракттык окуудагы 2-курсунун курсанттарынын тамактануусуна;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1957-VI токтомуна ылайык Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүүгө;
- Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында бала бакчасын; Ак-Суу районунда балдар үйүнүн спорттук залын курууга;
"Таза-Суу" программасынын толук ишке ашырылышына кошумча каражат каралсын;
гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнө бөлүнүүчү каражаттарды көбөйтсүн;
Мамлекеттик лотереялык компаниясын өзүн-өзү каржылоого которсун, Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинин алкагында төмөнкүлөрдү каржыласын:
- майыптуулугу бар балдар окуган адистештирилген мектептер үчүн окуу куралдарын чыгарууга 6 млн. сом суммасында;
- угуусу бузулган балдар окуган адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн аудиокласстарды сатып алууга 4 млн. сом суммасында;
- көзү көрбөгөн балдар үчүн аудиокитептерди чыгарууга 500 миң сом суммасында;
Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасы үчүн шаар куруу документацияларын иштеп чыгуунун 2-этабын аяктоого 4,2 млн. сом жана 3-этабына 19,3 млн. сом өлчөмүндө каржылоону карасын;
жалпы чыгашалардын 52 пайызына жакынын түзгөн социалдык объектилердин электр энергиясы боюнча чыгашаларын жабууга каражаттарды Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу бөлсүн,
2019-жылы Ички иштер министрлигин модернизациялоону өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары таанысын жана ал максаттарга кошумча каражаттарды багыттасын;
Транспорт жана жол министрлигине автомобиль жолдорун куруу боюнча подрядчылардын жана жөнөтүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын жабууга каражат бөлсүн;
бюджеттик уюмдардын 221 "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу", 222 "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу", 311 "Негизги фонддор" беренелери боюнча чыгашаларынын көлөмүн 10 жана андан ашуун пайызга кыскартуу жана ал каражаттарды Спорт сарайынын жаңы имаратын курууга кайра жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
кызматтык автоунааларды, оргтехникаларды жана буюм-тайымдарды сатып алууга 3 жыл бою тыюу салууну киргизсин;
сынактын шарттарына ылайык аталган долбоор боюнча республикалык бюджеттен кошумча чыгашалардын каралбагандыгына байланыштуу "Коопсуз шаар" долбоору боюнча төмөнкүдөй тиешелүү чыгашаларды болтурбасын:
- Ички иштер министрлигинде 56,0 млн. сом суммасында, алардын ичинен: почта кызмат көрсөтүүлөрүнө 35,6 млн. сом жана Иштетүү борборунун материалдык-техникалык жабдуусун түзүүгө - 19,4 млн. сом;
- "Кыргызпочтасында", алардын ичинен: маалыматтык киоскаларды түзүүгө - 40,0 млн. сом жана гибриддик почтага - 4,9 млн. сом;
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларды куруу жана жабдуу жана фитосанитардык контролдун өткөрмө пункттарын жабдулоо үчүн Өкмөттүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 349 тескемесине ылайык Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине бөлүнгөн 62,1 млн. сомду каржылоо маселесин чечсин;
ушул токтомго карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарынын аткарылышы боюнча (1, 2-тиркемелер) чараларды көрсүн жана алар боюнча 2019-жылдын 1-апрелине чейин маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жазуу жүзүндө келип түшкөн жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |
|
| "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин СУНУШТАРЫ
Комитеттердин аталыштары | Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Суммасы, млн. сом |
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет | Төмөнкүлөргө каражаттар каралсын: - ирригация жана сугаруу тутумун каржылоого; - Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун бюджетин (60дан 100 пайызга чейин) көбөйтүүгө; - сууну керектөө товары катары сатуу боюнча чараларды көрүү |
|
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет | Төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Акыйкатчыга (Омбудсменге); - Кыйноолордун жана мамиле жасоонун жана жазалоонун ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысын кемсинтүүнү алдын-алуу боюнча Улуттук борборго; - Юстиция министрлигине; | 38,6 | |
- Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине; - Башкы прокуратурага; - Мамлекеттик кадр кызматына; - Өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына; Төмөнкүлөр Өкмөткө сунушталсын: - ченемдик укуктук актылары менен белгиленген салыктык жеңилдиктерди жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо; - мамлекеттик ички зайымдар боюнча карыздык милдеттенмелердин пайыздык ставкаларын төмөндөтүү жөнүндө маселени кароо | 4,3 | |
| Жыйынтыгы | 42,9 |
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети | Кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Башкы прокуратурага; | 570,5 | |
- Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына; | 2284,9 | |
- Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка; | 117,9 | |
- Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына; | 12,0 | |
Өкмөт: - өлүм жазасына соттолгон адамдарды кармоо үчүн Жаңы-Жер айылындагы № 19 мекеменин атайын 2-корпусунун курулушун аяктоо үчүн акча каражатын бөлсүн; - Баткендеги тергөө изоляторун (150 млн. сом) жана Таластагы тергөө изоляторун (150 млн. сом) каржылоону жана курууну камсыздасын; - укук коргоо органдарынын жеке курамын формалык кийим-кечектердин ченемин жана кийип жүрүү мөөнөттөрү боюнча буюм довольствиесин толук көлөмүндө камсыз кылсын; - сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн кодекстердин жаңы редакцияларынын чыгарылышына акча каражатын бөлсүн; төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
| |
- Ички иштер министрлигине; | 2599,7 | |
- ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына; | 473,7 | |
- ИИМнин академиясына | 192,2 | |
| Жыйынтыгы | 6250,9 |
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет | Төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Билим берүү жана илим министрлигине; | 1947,1 | |
- Улуттук илимдер академиясына; | 65,8 | |
- Жогорку аттестациялык комиссиясына; | 2,8 | |
- Маданият, маалымат жана туризм министрлигине; | 402,8 | |
- Саламаттык сактоо министрлигине; | 1231,6 | |
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына; | 27,5 | |
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын архив агенттигине; | 78,8 | |
- Өкмөткө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттикке; | 219,7 | |
- Коомдук телерадиокорпорациясына "эмгек акы", "Соцфондго төгүмдөр", "товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр" беренелери боюнча; - бала кезинен майып балдарды баккан иштебеген энелерге акы төлөө үчүн зарыл каражаттарды Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бөлүү | 57,8 | |
Жыйынтыгы | 4239,1 | |
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет | - МАКка мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө боюнча маселени чечсин, ошондой эле 2019-2021-жылдарга Бюджеттин орто мөөнөттү божомолунун долбоорун эл аралык уюмдардын Тизмегине киргизсин; Төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Транспорт жана жол министрлигине; | 21,4 | |
- Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментине; | 684,4 | |
- Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине; | 222,0 | |
- Бишкек шаарынын ПДПсын жана республиканын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга; | 50,0 | |
- Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасын райондук пландаштыруунун башкы схемасын бүткөрүүгө; | 7,0 | |
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине; | 414,4 | |
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына; | 70,9 | |
- ИИМнин ЖКККББна: |
| |
2015-жылдан 2017-жыл аралыгында финансылык карыздарды төлөө үчүн; | 47,9 | |
жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча толук кандуу иш жүргүзүү үчүн; | 473,7 | |
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү фондуна материалдык-техникалык жана социалдык базаларды өнүктүрүүгө жана чыңдоого | 500,0 | |
| Жыйынтыгы | 2491,7 |
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети | Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине төмөнкүлөргө кошумча каражат бөлсүн: Мамлекеттик картограф-геодезиалык кызматты күтүүгө, анын ичинде: |
|
- жаңы топографиялык карталарды түзүү жана эскилерин жаңылоо үчүн жогорку жана өтө жогорку космикалык тартып алууларга, чегара белгилерине, приборлорду, жабдууларга жана жеке курамды ташуулар боюнча талаа бригадалары үчүн өтүмдүүлүгү жогору транспортко, КММны, Өкмөттүк делегациялардын жана талаа бригадаларынын мүчөлөрү үчүн иш сапарларына чыгымдарга, атайын жабдууларга; | 24,4 | |
- басмага чейин/басмадан кийин иштетүү жана төрт түстүү офсеттик типтеги басма машиналары үчүн заманбап санарип жабдууларын сатып алууга; | 277,08 | |
Мамкомитеттин ведомстволук геологиялык ишканаларынын геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө; | 65,0 | |
өлкөнүн түштүгүндөгү жер көчкүлөрүнө карата иштерди жүргүзүүгө; | 20,2 | |
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына | 50,0 | |
| Жыйынтыгы | 436,7 |
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет | Өкмөт: - 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасында Фискалдык саясаттын концепциясынын долбоорун кабыл алууну тездетсин; - салыктарды жана бажы жыйымдарын администрлөөнү жакшыртуунун эсебинен салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн чогултулушун көбөйтсүн; - салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнү жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларды өндүрүүнү жана сатууну контролдоонун бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутумун (БМАМТ) түзүүнү тездетсин; - Социалдык фонддон түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүн администрлөө функцияларын Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүнү тездетсин; - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу динамикасына олуттуу таасири бар тобокелдиктерди жана факторлорду баалоого өзгөчө көңүл буруу менен кирешелер боюнча божомолду түзүүгө маани берсин; - жыл сайын балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн 50 батир сатып алсын; |
|
Улуттук статистика комитетине кошумчаларды киргизсин | 48,7 | |
| Жыйынтыгы | 48,7 |
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет | Төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине; | 1064,0 | |
- Мамлекеттик чегара кызматына; | 676,5 | |
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигине; | 50,0 | |
- Аскер прокуратурасына; | 27,6 | |
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматына; | 45,5 | |
- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана камакка алынган соттолгон адамдарды коштоп жүрүү боюнча департаментине | 185,5 | |
| Жыйынтыгы | 2049,1 |
| Бардыгы | 15559,1 |