Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 323 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 26 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдарда административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык иштелип чыкты (мындан ары - Эрежелер).
2. Эрежелер Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдарда административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү маселелерин жөнгө салат.
2. Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте ээленүүчү кызмат орундарынын номенклатурасы
3. Кирүү өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте ишке ашырылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратындагы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдардагы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеси (мындан ары - Тизме) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде (мындан ары - Реестр) көрсөтүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу төмөнкү кызмат орундары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы;