Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 323 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 26 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасында административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык иштелип чыкты (мындан ары - Эрежелер).
2. Эрежелер Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасында (мындан ары - Иш башкармасы) административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү маселелерин жөнгө салат.
2. Кызмат орундарын ээлөө жол-жобосу
3. Иш башкармасында ваканттык административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө коюлган квалификациялык талаптарга ылайык ваканттык административдик кызмат ордун ээлөөгө кыйла даярдыгы бар талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) аныктоо үчүн тандоо өткөрүү аркылуу ишке ашырылат.
4. Иш башкармасындагы административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар төмөнкүдөй талаптарды камтыйт:
- адистиги боюнча иш стажына жана тажрыйбасына, тиешелүү кесиптик көндүмдөрүнө;
- административдик мамлекеттик кызмат орундарынын категориясын жана тобун эске алуу менен билим деңгээлине жана профилине;
- мыйзамда каралган учурларда кызматчынын ишин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүсүнө.
5. Иш башкармасынын ар бир административдик мамлекеттик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте типтүү квалификациялык талаптардын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу (мындан ары - Иш башкаруучу) тарабынан бекитилет.
6. Мыйзамга ылайык жумуш орду сакталып турган убактылуу жок болгон мамлекеттик кызматчыны алмаштыруу үчүн кабыл алынуучу талапкерлер ээленүүчү кызмат ордуна коюлган бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келиши керек.
7. Талапкерлерди тандоо өзүнө эки этапты камтыйт: тандоо жол-жоболору жана жеке маектешүү.