Редакцияот 26.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 26-февралы № 3571-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти киргизген талапкерге сунуштаманы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Бобукеева Меергул Рыскулбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна курактык чегине жеткенге чейин шайлансын.

2 Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков