Редакцияот 03.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 3-июну № 3783-VI

"Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Д.А.Джумабеков, Б.Э.Торобаев, А.Ш.Жээнбеков, А.О.Узакбаев, P.M.Туманбаева, А.М.Эргешов, Т.А.Масабиров, А.Алтынбеков, Жунус уулу Адыл демилгелеген "Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков