Редакцияот 11.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 11-июну № 3867-VI

"2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган, 2010-жылдын 19-ноябрындагы Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 21-майындагы № 267 токтому) "2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган, 2010-жылдын 19-ноябрындагы Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков