Редакцияот 11.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 11-июну № 3871-VI

"2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына карата Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 22-майындагы № 270 токтому) "2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына карата Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков