Редакцияот 27.07.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 27-июлу N 321                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                   2005-жылдын 8-10-сентябрында Кыргыз                   Республикасынын Москва шаарындагы                       күндөрүн өткөрүү жөнүндө      2005-жылдын 8-10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Москва шаарын-дагы күндөрүн өткөрүүгө даярдык көрүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Москва  шаарындагы  күндөрүнө  даярдыккөрүү  жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу ко-митети) тиркемеге ылайык бекитилсин.     2. Уюштуруу комитети программа түзүү,  расмий,  маданий делегация-лардын курамдарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагыкүндөрүн өткөрүү боюнча даярдык көрүү иштерин жүргүзсүн.     3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги  республикалык  бюд-жеттен  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүүбоюнча мамлекеттик комиссияга "2005-жылга Кыргыз Республикасынын бюдже-тине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынындолбооруна кийин өзгөртүү киргизүү менен Кыргыз Республикасынын  Москвашаарындагы  күндөрүнө даярдык көрүү жана өткөрүүгө 4,9 млн.  сом сумма-сында кошумча каражат бөлүп берсин.     4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эл аралык прото-колго ылайык Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы күндөрүн  өткөрүүменен байланышкан иш-чараларды уюштуруу боюнча маселелерди чечсин.     5. Кыргыз Республикасынын  Улуттук  телерадиокорпорациясына  радиожана  телекөрсөтүү  боюнча  Кыргыз  Республикасынын  Москва  шаарындагыкүндөрүн чагылдырууну камсыз кылуу сунушталсын.     6. Кыргыз  Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Москва шаарындагы күндөрүнүн катышуучуларынын барып-келүү кооп-суздугун камсыз кылсын.     7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы  инс-пекциясы  бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйымдарды албастан Москва шаа-рына убактылуу алып барылуучу концерттик реквизитти,  музыкалык  аспап-тарды,  техникалык жабдууларды жана көргөзмөлөрдүн экспонаттарын тоско-олдуксуз жана өз учурунда бажылык тариздөөнү камсыз кылсын.     8. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын  социалдык-маданий  өнүктүрүү  бөлүмүнөжүктөлсүн.      Биринчи вице-премьер-министрдин     милдетин аткаруучу                              Ф.Кулов                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                         2005-жылдын 27-июлундагы N 321                                                      токтомуна тиркеме           2005-жылдын 8-10-сентябрында Кыргыз Республикасынын        Москва шаарындагы күндөрүнө даярдык көрүү жана өткөрүү                      боюнча уюштуруу комитетинин                                КУРАМЫ      Болжурова И.С.   - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин                        милдетин аткаруучу,  уюштуруу комитетинин төра-                        гасы;     Раев С.А.        - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мада-                        ниятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын                        төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун                        басары.                     Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:      Жапаров А.У.     - Кыргыз Республикасынын финансы министринин мил-                        детин аткаруучу;     Отунбаева Р.И.   - Кыргыз Республикасынын  тышкы иштер министринин                        милдетин аткаруучу;     Суталинов М.А.   - Кыргыз Республикасынын  ички  иштер министринин                        милдетин аткаруучу;     Муралиев А.М.    - Кыргыз Республикасынын  экономикалык өнүктүрүү,                        өнөр жай жана соода министринин милдетин  атка-                        руучу;     Нур уулу Досбол  - Кыргыз Республикасынын билим берүү  министринин                        милдетин аткаруучу;     Асанов Б.Ж.      - Кыргыз Республикасынын Туризм,  спорт жана жаш-                        тар   саясаты  боюнча  мамлекеттик  комитетинин                        төрагасынын милдетин аткаруучу;     Нурматова Р.З.   - Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин Ап-                        паратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн                        башчысы;     Абдрахманов С.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук  телерадиокорпо-                        рациясынын президенти (макулдашуу боюнча);     Салымбеков А.М.  - Бишкек шаарынын мэри;     Мырзабеков Э.Б.  - "Манас" эл  аралык  аэропорту" ачык акционердик                        коомунун президенти (макулдашуу боюнча);     Омаркулов С.Т.   - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-                        кеттик бажы инспекциясынын директору;     Осмонов Б.С.     - Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Мада-                        ниятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын                        төрагасынын орун басары.      Премьер-министринин     Аппарат жетекчисинин     милдетин аткаруучу - министр                    А.Исабеков