Редакцияот 03.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 3-сентябры № 4094-VI

"2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган "Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 2-сентябрындагы № 462 токтому) "2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган "Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков