Редакцияот 10.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 10-октябры № 4105-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы кезексиз жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы кезексиз жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Арзыбаев Ныязбек Ирашевичтин ант берүүсү жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү, түзүмүн жана курамын аныктоо жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

М.Абдылдаев