Редакцияот 14.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 14-октябры № 4113-VI

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин шайлоо үчүн убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Убактылуу эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан түзүлсүн.

2. Убактылуу эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

К.Дж.Рыспаев - Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын депутаттык фракциясынан;

Т.Т.Мамытов - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;

Н.К.Алимбеков - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;

О.Ж.Турдумамбетов - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;

Э.С.Тагаев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан;

Э.Т.Токтошев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

К.Исаев