Редакцияот 13.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 13-октябры № 4108/1-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 13-октябрындагы кезексиз жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 13-октябрындагы кезексиз жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

"Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Касымалиева