Редакцияот 04.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 4-ноябры № 4137-VI

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

С.М.Джураев

Ө.М.Бакиров

Е.Г.Строкова

Ч.Ч.Урумкалиева - КСДП парламенттик фракциясынан;

А.Алтынбеков

С.А.Келдибаев

М.А.Маматалиев - "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

А.А.Аскарова

M.Н.Койчуманов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Т.И.Икрамов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;

Д.Г.Торокулов - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;

Э.Т.Токтошев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

М.Бакиров