Редакцияот 13.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 13-январы № 4305-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү болуп дайындалсын:

Ч.А.Рыскулова, юрист;

К.А.Абдирашитов, экономист;

М.Р.Караев, IT адис.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Касымалиева