Редакцияот 03.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 3-февралы № 4356-VI

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Марипов Улукбек Асамидинович тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4114-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов