Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 27-январы № 4338-VI

2021-жылдын 27-январында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 27-январында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

 

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

Н.Т. Каримов – КСДП парламенттик фракциясынан;

А.Т. Бердиев – “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынан;

Б.Б. Кенжебаев – “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;

Н.И. Арзыбаев – “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан;

Э.С. Тагаев – “Бир Бол” парламенттик фракциясынан;

Н.В. Никитенко – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан.

 

Төрага

А.К. Касымалиева