Редакцияот 04.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 04-февралы № 4381-VI

2021-жылдын 4-февралында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 4-февралында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

С.М. Джураев – “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” парламенттик фракциясынан;

А.Т. Бердиев – “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынан;

У.Ч. Садиков – “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;

Н.И. Арзыбаев – “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан;

Э.С. Тагаев – “Бир Бол” парламенттик фракциясынан;

Э.Т. Токтошев – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан.

 

Төрага

Н.О. Сыдыгалиев