Редакцияот 17.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 17-февралы № 4409-VI

"2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана алардын кайра кайтарып берилишин камсыз кылуудагы кызматташуусу жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 28-июлундагы № 402 токтому) "2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана алардын кайра кайтарып берилишин камсыз кылуудагы кызматташуусу жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов