Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 10-марты № 4457-VI

"2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 4-декабрындагы № 593 токтому) "2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын. 

Төрага

Т.Т. Мамытов