Редакцияот 31.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 31-марты № 4482-VI

Г.У. Калиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Калиева Гульбара Утюровна кызмат ордунан убактылуу четтетилсин.

 

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев